Абылгазиев: Үй-бүлөлүк зомбулук – бул инсанга каршы кылмыш

Абылгазиев: Үй-бүлөлүк зомбулук – бул инсанга каршы кылмыш
9-Янв. 2020, Бейшемби, 06:54

Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул бүтүндөй коом үчүн трагедия. Коомдун үрөйүн учурган аялдарга карата жасалган катаал мамиле фактыларын мамлекет көңүл буруусуз калтырбайт. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, президенттин жарлыгы менен 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланганын эске алуу менен өкмөт аялдардын жана балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүүгө ниеттенүүдө.

«Баткен жана Нарын облустарында жаш энелердин өлүмүнө алып келген үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу жаңылыктар акыркы күндөрү өлкөнү дуу кылды. Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп, балдар жетим калышты. Энелери күйөөлөрүнүн колунан каза табышты, алар жасаган кылмышы үчүн катаал жазага тартылышат. Акыркы каргашалуу окуялар бүгүнкү күнү үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү көйгөйү болуп көрбөгөндөй актуалдуу экендигин ачык күбөлөндүрөт. Тилекке каршы, өлкөбүздө аялдар жакындары тараптан зомбулук көргөн учурлар аз эмес. Алар ар кандай себептерден улам ур-токмокко алынып, кордук көрүп келишет. Үй-бүлөдөгү катаал мамиле трагедиялуу аяктаган айрым учурлар бар. Бул жалпы коом үчүн кооптуу белги, анткени жакындарына карата агрессия көрсөткөн адамдар арабызда жүрүшөт. Алар үй-бүлөлүк зомбулукту адаттагыдай, мыйзамга каршы келбеген, адам укуктарын жана эркиндигин бузбаган көрүнүш катары көрүшөт. Үй-бүлөлүк зомбулук – бул инсанга каршы кылмыш жана бүтүндөй коомдун трагедиясы. Тилекке каршы, көп жылдардан бери үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси ачык айтылбай, жаап-жашырылып келүүдө. Ошентсе да үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук – бул бир бүлөнүн жеке көйгөйү эмес. Бул укук бузуу, коом мындай ырайымсыздыкка көз жумуп койбошу керек. Зомбулук көрсөткөн адамды актай турган себеп жок жана болбойт дагы. Өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукка каршы маанай түзүлүүсү керек. Үй-бүлөдөгү ынтымак менен ырашкерлик – бул жогору баалап, коргой турган жашоодогу маанилүү баалуулук экенин ар бир адам түшүнүүсү зарыл. Ден соолугу чың, бактылуу аялзаты – бул бейпил үй-бүлөнүн жана бакубат улуттун кепилдиги», - деп баса белгиледи премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жарандарды үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоону камсыз кылуу механизмдерин жакшыртуу боюнча улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү иштерин активдештирүүнү тапшырды.

Муну менен катар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана балдарга жасалган катаал мамиле үчүн жазаны күчөтүү маселесин изилдөө боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгүн тездетүү тапшырмасы берилди.

Абылгазиевдин айтымында, бул иш жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуунун негизинде аткарылышы керек.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Олимпиада отунун багыты коронавирустун айынан кыскарат
Олимпиада отунун багыты коронавирустун айынан кыскарат
Бир орунда көнүгүү жасоо аркылуу арыктаса болот
Бир орунда көнүгүү жасоо аркылуу арыктаса болот
Мухаммедкалый Абылгазиев  менен Джорджина Бэйкер жолугушту
Мухаммедкалый Абылгазиев менен Джорджина Бэйкер жолугушту
Чолпон Талипбек айылдын китепканасына салым кошууга чакырды
Чолпон Талипбек айылдын китепканасына салым кошууга чакырды
 Анжелика Кайратова: Биз бакытты күтөт экенбиз
Анжелика Кайратова: Биз бакытты күтөт экенбиз
Толгонай Арзыкеева: Концерт сонун болуп жатат
Толгонай Арзыкеева: Концерт сонун болуп жатат
Айгерим Расул кызы «Тойота Хайлэндер» унаасын белекке берет
Айгерим Расул кызы «Тойота Хайлэндер» унаасын белекке берет
Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду
Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду
​Мейвезер Макгрегор менен кайрадан рингге чыгууга даяр (видео)
​Мейвезер Макгрегор менен кайрадан рингге чыгууга даяр (видео)
2019-жылы «Айыл Банк» 3.2 млрд сомдук баалуу кагаздарды чыгарды
2019-жылы «Айыл Банк» 3.2 млрд сомдук баалуу кагаздарды чыгарды
МКК биометрикалык паспорттордун бланкаларына 1 млрд сом керектейт
МКК биометрикалык паспорттордун бланкаларына 1 млрд сом керектейт
 Сауд Аравия коронавирустан улам кичи ажылыкка тыюу салды
Сауд Аравия коронавирустан улам кичи ажылыкка тыюу салды
Чүй облусунда эки адамдын сөөгү табылды
Чүй облусунда эки адамдын сөөгү табылды
Иммунитетти бекемдеп, арыктатуучу суусундук!
Иммунитетти бекемдеп, арыктатуучу суусундук!
Боронов: Дыйкандар 6 пайыздык жеңилдетилген насыяларды ала баштады
Боронов: Дыйкандар 6 пайыздык жеңилдетилген насыяларды ала баштады
​Хабиб карьерасындагы эң күчтүү атаандашын атады
​Хабиб карьерасындагы эң күчтүү атаандашын атады