Кара куурай өстүргөн жаран кармалды

1-Июнь 2017, Бейшемби

Араван районунун 24 жаштагы тургуну өзүнө тиешелүү үлүш жерине өстүрүүгө тыюу салынган кара куурай өстүрүп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ОИИБнын экспертик-криминалдык борборунун аныктамасына ылайык алынган зат кара куурай (каннабис) баңгизаты экени белгилүү болду.

“Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандан 512 түп алынган кара куурайдын салмагы 91 кг. 750 граммды түзгөн”,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!