Абылгазиев Тажикстандын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Абылгазиев Тажикстандын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү
11-Янв. 2020, Ишемби, 05:44

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өкмөт башчылар 2020- жылдын 10-январына караган түнү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан кийинки кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды биргеликте кабыл алууга байланыштуу маселени талкуулашты.

Абылгазиев жана Расулзода чек арадагы коопсуздукту жана кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн, кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалды курчутпоонун, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары сүйлөшүүдө чек арага чектеш аймактарда элге түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн негизде жүргүзүү менен эки өлкөнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара кызматташууну активдештирүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Белгилей кетсек, 10-январга караган түнү болжол менен түнкү саат 00:40тар чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашып, Тажикстандын аймагына кире качышкан.

КР укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, унаанын ичиндеги Кыргызстандын жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланган.

Болжол менен саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Кыргызстандын ал жаранынын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окторду табышкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Олимпиада отунун багыты коронавирустун айынан кыскарат
Олимпиада отунун багыты коронавирустун айынан кыскарат
Бир орунда көнүгүү жасоо аркылуу арыктаса болот
Бир орунда көнүгүү жасоо аркылуу арыктаса болот
Мухаммедкалый Абылгазиев  менен Джорджина Бэйкер жолугушту
Мухаммедкалый Абылгазиев менен Джорджина Бэйкер жолугушту
Чолпон Талипбек айылдын китепканасына салым кошууга чакырды
Чолпон Талипбек айылдын китепканасына салым кошууга чакырды
 Анжелика Кайратова: Биз бакытты күтөт экенбиз
Анжелика Кайратова: Биз бакытты күтөт экенбиз
Толгонай Арзыкеева: Концерт сонун болуп жатат
Толгонай Арзыкеева: Концерт сонун болуп жатат
Айгерим Расул кызы «Тойота Хайлэндер» унаасын белекке берет
Айгерим Расул кызы «Тойота Хайлэндер» унаасын белекке берет
Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду
Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду
​Мейвезер Макгрегор менен кайрадан рингге чыгууга даяр (видео)
​Мейвезер Макгрегор менен кайрадан рингге чыгууга даяр (видео)
2019-жылы «Айыл Банк» 3.2 млрд сомдук баалуу кагаздарды чыгарды
2019-жылы «Айыл Банк» 3.2 млрд сомдук баалуу кагаздарды чыгарды
МКК биометрикалык паспорттордун бланкаларына 1 млрд сом керектейт
МКК биометрикалык паспорттордун бланкаларына 1 млрд сом керектейт
 Сауд Аравия коронавирустан улам кичи ажылыкка тыюу салды
Сауд Аравия коронавирустан улам кичи ажылыкка тыюу салды
Чүй облусунда эки адамдын сөөгү табылды
Чүй облусунда эки адамдын сөөгү табылды
Иммунитетти бекемдеп, арыктатуучу суусундук!
Иммунитетти бекемдеп, арыктатуучу суусундук!
Боронов: Дыйкандар 6 пайыздык жеңилдетилген насыяларды ала баштады
Боронов: Дыйкандар 6 пайыздык жеңилдетилген насыяларды ала баштады
​Хабиб карьерасындагы эң күчтүү атаандашын атады
​Хабиб карьерасындагы эң күчтүү атаандашын атады