Сыргак Кенжебаев боюнча райондук соттун чечими күчүндө калды

Сыргак Кенжебаев боюнча райондук соттун чечими күчүндө калды
13-Янв. 2020, Дүйшөмбү, 06:25

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевге карата Биринчи май райондук сотунун чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Мындай чечимди бүгүн, 13-январда судья Ирина Воронцова чыгарган.

Такыраак айтканда шаардык сот Кенжебаевди 20-февралга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, 20-декабрда Сыргак Кенжебаев УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Себеби 14-декабрда УКМКга кытай жараны арыз менен кайрылып, Сыргак Кенжебаев аттуу жаран анын 350 миң долларын алдамчылык жол менен алып койгонун, ошондуктан ага чара көрүүнү суранган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ал кытай инвесторунан кошумча 250 миң доллар талап кылгандыгы тууралуу талашсыз дадилдер көрсөтүлгөн.

21-декабрда Кенжебаевге аталган кылмыш жасагандыгы тууралуу билдирме берилип,ошол күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан ага карата Бишкек шаарынын 1-Тергөө камак жайына кармоо бөгөт коюу чарасы каралган.

23-декабрда Кенжебаевге карата алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш иши Ички иштер органдарына жиберүү маселесин кароо максатында Башкы прокуратурага өткөрүлгөнүн УКМК маалымдаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү