«ЭлТР» телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматынан бошотулду

«ЭлТР» телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматынан бошотулду
13-Янв. 2020, Дүйшөмбү, 10:00

Айбек Мусаев берген арызына ылайык КРнын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругуна ылайык, Масуаевдин ордуна Керимбек Калыкулов «ЭлТР» телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, Керимбек Калыкулов 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Ал көп жылдык журналисттик иш тажрыйбага ээ. Мурда «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу, Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору, «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары, Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси кызматтарында иштеген.

2014-жылдын июлунан бери Калыкулов Керимбек «Телеканал ОшТВ» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү