Жээнбеков чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

Жээнбеков чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү
13-Янв. 2020, Дүйшөмбү, 11:17

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, мамлекет башчысына чек арада чыр-чатактардын алдын алуу, анын ичинде Баткен областынын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди.

Президент коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү күчөтүү, чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуз жашоо-тиричилигин камсыз кылуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Кечээ жакында эле Тажикстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн чек арасындагы туруктуу абалды биргелешип сактоого умтулуу аракеттери белгиленгенин эскертти.

Жээнбеков эки жакта тең чагымчыл аракеттерди болтурбоо үчүн чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер тажик тарап менен тыгыз байланышта жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Ошондой эле чек ара аймактарында мындай окуяларды болтурбоо үчүн жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, профилактикалык чараларды кабыл алуу зарылдыгы актуалдуу боюнча калууда.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик тарап менен чек арадагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзү баштаган кыргыз делегациясы даяр экендигин билдирди. Жолугушуу эртең, 14-январда, чек ара аймагында өтө турганын маалымдады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү