Чек ара маселесине байланыштуу кыргыз-тажик делегаттары жолугат

Чек ара маселесине байланыштуу кыргыз-тажик делегаттары жолугат
14-Янв. 2020, Шейшемби, 04:16

Бүгүн, 14-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргызстандын делегациясы чек арадагы кырдаал боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу чектеш аймакта өтөт. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланат.

Айта кетсек, жолугушуу эки мамлекеттин башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык өтөт.

Ал эми вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган кыргыз делегациясынын курамында Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү