Абылгазиев: 2020-жыл социалдык чөйрөдөгү чоң пландардын жылы болот

Абылгазиев: 2020-жыл социалдык чөйрөдөгү чоң пландардын жылы болот
14-Янв. 2020, Шейшемби, 10:06

2020-жыл мамлекеттик органдар үчүн социалдык чөйрөдөгү чоң пландардын жана милдеттердин жылы болот. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын жетекчилери менен өткөргөн жыйында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы президенттин Жарлыгы менен 2020-жыл балдарды колдоого багытталаганын белгиледи.

«Быйылкы жылы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет. Бардык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү керек. Ошондуктан ардагерлерге төлөмдөрдү, социалдык милдеттерди ишке ашыруу сыяктуу иш-чараларга көңүл буруу керек. 2019-жылы 2,4 млрд сом бөлүнгөн. Акыркы 2 жылда социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине 13 категория боюнча айлык акы жана стипендиялар жогорулатылган. Мындан тышкары үстүбүздөгү жылы Олимп оюндары өтөт. Мамлекеттик органдардын спортчуларды тийиштүү колдоону камсыз кылуулары маанилүү», - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын жүргүзгөн иштер тууралуу калкка сапаттуу жана кеңири маалымдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«2020-жыл – зор пландардын жана милдеттердин жылы. Жетекчи болуу оңой эмес. Ар бириңерден өлкөнүн тагдыры жана жарандарыбыздын келечеги көз каранды. Бул факт жоопкерчиликти эки эсе арттырат. Реформа жасоо – бул дайыма татаал процесс, ал коомдо көп маанилүү кабыл алынат. Бирок бул гүлдөп-өсүүгө жана бакубатчылыкка алып бара турган жападан жалгыз жол. Алдыбызда чоң милдеттер жана жаңы чакырыктар турат. Жоопкерчиликтүү жаратман ишибиз аркылуу коюлган бардык максаттарга жетебиз деп ишенем», - деп жыйынтыктады премьер-министр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү