Абылгазиев: Импорттун көлөмү 8,2% кыскарып, экспорт 7,6% өстү

Абылгазиев: Импорттун көлөмү 8,2% кыскарып, экспорт 7,6% өстү
14-Янв. 2020, Шейшемби, 10:25

Жаңырган 2020-жыл Кыргызстандын мамлекеттик органдары үчүн экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө 2019-жыл үчүн мамлекеттик органдардын ишинин экономика, финансы, эл аралык мамилелер, социалдык жана маданий чөйрөлөрдөгү негизги жыйынтыктары чыгарылды.

Өкмөт башчы белгилегендей, өткөн жыл жеңил эмес жана өтө маанилүү жыл болду.

«2019-жыл туруктуулуктун жана коомду бекемдөөнүн жылы болду. Биз үчүн башкы артыкчылык - жарандардын жашоосун жакшыртуу, бюджетти көбөйтүү, ошондой эле социалдык маселелерди өз убагында чечүү. Бул багытта белгилүү бир кадамдар кабыл алынып, негиздүү өзгөртүүлөр башталды», - деп айтты Премьер-министр.

Абылгазиев 2019-жылы жетишилген бир катар көрсөткүчтөргө токтолду.

«2017-жылга салыштырмалуу ИДП 110 млрд сомго көбөйүп, импорттун көлөмү 8,2% кыскарып, экспорт 7,6% өскөн. 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикага келген инвестициялардын көлөмү 580 млн долларын түзгөн. 2018-жылга салыштырмалуу өсүш 67,3% түзгөн. Бизнес-акыйкатчы институту түзүлдү. 2019-жылы республикага 8,5 млн чет элдик жаран келген, бул 2018-жылга караганда 1,5 млн көп», - деп билдирди Абылгазиев.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү