Төрөбаев Өкмөт өкүлдөрү менен чек ара маселелерин талкуулады

Төрөбаев Өкмөт өкүлдөрү менен чек ара маселелерин талкуулады
17-Янв. 2020, Жума, 06:44

Бүгүн, 17-январда «Өнүгүү» парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Каржы министринин орун басары Марлен Амандыков менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, эл өкүлү «Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө» мыйзамда чек арада ар кандай көйгөйлөрдү болтурбоо, алдын алуу максаттары коюлгандыгына токтолуп, бул мыйзам канчалык деңгээлде аткарылып жатканына кызыкты.

Иш-чарага келген башкы чек арачы, Өкмөт өкүлдөрү мыйзамдын жана анын аткарылышына өбөлгө болгон укуктук-ченемдик документтердин алкагында ыйгарым укуктуу чек арачы кызматтарына жарандар алынып, иш алпарып жаткандыгы боюнча маалымат беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чек арадагы чыр-чатактарды алдын алуу жаатында сүйлөшүп, жогоруда аталган мыйзамдын толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү, каржы маселелерин чечүү жаатында ой-пикирлери менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, «Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө» мыйзам депутат БакытТөрөбаев тарабынан демилгеленип, 2015-жылы кабыл алынган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР