Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү

Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
17-Янв. 2020, Жума, 10:26

Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү. Бул тармакты өнүктүрүүбүз зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Дарак ыры» мюзиклинин авторлору менен жолугушууда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, кино жайылтуу ыкмасы катары өтө жогорку эмоционалдык таасир бере алат.

«Келечек муунду руханий өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен мамлекеттик буйрутманын алкагында ата мекендик сериалдарды тартуу үчүн финансы каражаттарын бөлүү чечими кабыл алынды. Азыркы тапта жаш муунга таасир берген терс көрүнүштөр көп. Жаштарды тасмалар аркылуу да адамдык баалуулуктарды сиңирип тарбиялоого болот», - деп белгиледи премьер-министр.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тематикалык телесериалдар түрүндө улуттук аудиовизуалдык продукцияларды түзүү үчүн 30 млн сом бөлүндү.

«Киносериалдар үчүн мыкты сценарийлерди тандоо боюнча сынак 2020-жылдын январь айынын аягына чейин жарыяланат. Биз сценарийлерде идеология болуш керек деп эсептейбиз. Тасмадагы эң башкы үч тема – адам, үй-бүлө, мекен болуш керек. Албетте, негизги принциптер сакталган болсо, жанрлар жана сюжеттер боюнча эч кандай чектөөлөр болбойт», – деп белгилеген Абылгазиев, мына ушул механизмди колдонуу менен атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүүнү, ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүүнү шарттарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, «Дарак ыры» мюзиклинин режиссеру жана сценаристти Айбек Дайырбеков Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйланды. Ал эми фильмдин продюсери Толкун Дайырбековага алкыш жарыяланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
 Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Психология чын эле пайдалуубу?
Психология чын эле пайдалуубу?
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
 Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
 Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды