Төрт айылдашын бычактаган жигит кармалды

2-Июнь 2017, Жума

Ноокен районунда төрт айылдашына бычак шилтеп, окуя болгон жерден качып кеткен 22 жаштагы жаран Кыргызстандан Тажикстанга өтүп кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, издөөдө жүргөн жаран Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш чек арадан кармалган. Учурда Ноокен районунун соту тарабынан 2 айга санкция берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 18-майга караган түнү саат 02:30 чамасында Ноокен районунун тургуну 4 жердешин аш бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Жеңил жаракат алган 20-23 жаштардагы жигиттерге Ноокен райондук ооруканасындагы дарыгерлер тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылган.

Бул окуя боюнча Ноокен РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ошондой эле жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Масы айылынын 1995-жылы туулган С.Д. аттуу тургуну экени аныкталган.

Бирок, 21-май күнү Ноокенде 25-30 жаштардагы 40-50гө жакын жигиттер чогулуп, “шектүүнү тааныштары үйүндө жашырып жатат”,- деп нааразы болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!