Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында таза суу, ички жолдордун абалы, демаркация иштери жана башка олуттуу көйгөйлөр аткаруу бийлигине жолдонду.

Депутат Улукбек Ормонов атамекендик дары өндүрүүчүлөрдүн абалы оорлошуп баратканын кабарлады.

Айтымында, дарылардын сапатын аныктоочу лаборатория курулушу белгиленген, бирок курулуштан дайын жок. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бул тармак кыйла артта калууда. Депутат тармактык комитет бул маселени көзөмөлгө алуусу керек дейт.

Ал эми депутат Орозбек Алыбаев Панфилов районундагы 10 миң адам жашаган Фрунзе айыл өкмөтүндөгү таза суу көйгөйүн өкмөткө жолдоду.

Ошондой эле дагы бир депутат Пархат Тулендыбаев сапаттуу жолдордун курулушу көп тармактардын өнүгүшүнө өбөлгө болоорун билдирип, Аламүдүн районундагы бир катар айылдарда ички жолдордун абалы кыйындап баратканын тизмектеди.