Жээнбеков: Коопсуздук кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат

Жээнбеков: Коопсуздук кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат
24-Янв. 2020, Жума, 05:52

Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңештин кезектеги жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков: «Коопсуздук кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатат»,-деп баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңештин чечимдерин кынтыксыз аткарылышы өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн зарылдыгын белгилеп, айрым учурларда, чечимдерди аткарууда ашыкча бюрократия же формалдуу мамиле орун алып жатканын кошумчалады.

«Айрым мамлекеттик органдар жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнестин өнүгүшүнө бут тосууну улантып жатышат», — деди Жээнбеков.

Бир мисал, 2019-жылдын аягында коррупцияга шектелип, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери кармалган.

Мамлекет башчысы кол алдындагы кызматкерлери коррупцияга же пара алууга аралашкан жетекчилер да өз жоопкерчилигин сезе билиши керек экенин баса белгиледи.

«Өзүнүн кызматкерлери кармалгандан кийин бир айдан кийин гана аларды жана алардын ишине жетекчилик кылган өзүнүн орун басарын иштен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Мына ушундай жоопкерчилигсиз жетекчилерден улам коррупциянын алдын алуу жана аны жоюу боюнча биздин бардык күч-аракетибиз жокко чыгып калууда», — деп белгиледи Жээнбеков.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
 Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Психология чын эле пайдалуубу?
Психология чын эле пайдалуубу?
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
 Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
 Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды