Президент: Бийликке чиркөө болуп жаткан коррупционерлерден тазалана элекпиз

Президент: Бийликке чиркөө болуп жаткан коррупционерлерден тазалана элекпиз
24-Янв. 2020, Жума, 06:19

Бүгүн, 24-январда «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков: «Мамлекеттик бийликке чиркөө болуп жаткан коррупционерлерден тазалана элекпиз»,- деп билдирди.

«Бизнесмендерге, жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөткөн Экотехинспекциядан башка мамлекеттик органдарда коррупционерлер жок дейсиңерби? Эл ичинде, бизнесмендердин арасында дээрлик бардык мамлекеттик органдарга, анын ичинде АКСке, Финполго, Госстройго, ГРС сыяктуу элге кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдарга нааразылыктар айтылып жүргөнүн билем, — деп баса белгиледи Президент. — Ооба, коррупция менен күрөштүн жемиштерин да көрүп жатабыз. «Бирок, «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, мамлекеттик бийликке чиркөө болуп жаткан коррупционерлерден тазалана элекпиз. Массалык маалымат каражаттары канчалаган коррупциялык иштерди коомчулукка ачыктоодо. Көзгө сайып көрсөтүүдө. Жарандык коом ушунчалык колдоп жаткан соң, коррпуцияга каршы күрөш токтобойт. Сиздер, укук коргоо органдарынын жетекчилери, өзүңөр жетектеген ведомстволордо жана министрликтерде реформалар жүргүзүлүп жатат деп бардык жерде айтып жатасыңар.

Реформалар жөнүндө жарыялап коюу оңой. Аны реалдуу ишке ашыруу, өз ведомствосун коррупционерлерден тазалоо, бул — башка нерсе. Бул жагында силер жүктөлгөн милдеттерди толук көлөмдө аткара албай жатасыңар», — деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ушунун кесепетинен, жалпы эле мамлекеттик бийликтин аброюна шек келтрилип жатканын дагы бир жолу баса белгиледи.

«Бул укук коргоо жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өздөрүнүн министрлик, ведомстволорунун ичиндеги коррупцияга каршы күрөшкө көңүл кош мамилесинин жыйынтыгы", — деп жыйынтыктады президент.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
 Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Психология чын эле пайдалуубу?
Психология чын эле пайдалуубу?
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
 Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
 Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды