Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт

Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
24-Янв. 2020, Жума, 09:11

Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңештин кезектеги жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков: «Кээ бир мамлекеттик органдарда өлкөнү санариптештирүү боюнча иш канааттандырарлык эмес жүрүүдө»,- деп баса белгиледи.

Жээнбеков Коопсуздук кеңештин санариптештирүү чечимин аткаруу боюнча иш тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй, бул маселе Коопсуздук кеңештин жыйналышында карала турганы маалым болгондон кийин мамлекеттик органдар активдешип, айрым иш-чаралар аткарыла баштаганын баса белгиледи.

«Мен бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине Коопсуздук кеңештин чечимдеринин аткарылбай калышына жол берилбей турганын эскертем. Бул эскертүү — «Түндүк» системасынын алкагында мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашууну толук камсыз кылбаган мамлекеттик органдардын жана ведомстволук уюмдардын жетекчилерине тиешелүү. Эгерде абал жакшырбаса, өтө катуу тартип чараларын көрөбүз»,- деди президент.

Электрондук форматта көрсөтүлө баштаган кызматтардын сапатына өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Биринчи кезекте, маалыматтар базасын түзө элек жана түзүүнү создуктуруп жиберген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин карап чыгуу зарылдыгына токтолду.

«Санариптештирүү билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында өзгөчө мааниге ээ. «Мектеп медицинасы — Ай-Ти-оорукана» жана «Акылдуу мектеп» долбоорлорун колдонууга киргизүү формалдуу болуп жатат. Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашырууга формалдуу мамиле кылган чиновниктерге биз кайдыгер карап отура албайбыз. Андай жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылабыз. Өлкөнү санариптештирүү саясатын ишке ашырууга дараметиңер жетпей жатса, кызматыңарды таштоого мажбур болосуңар. Санариптештирүү саясатына тоскоолдук кылуу, саботаж кылуу — бул өлкөнүн келечегине кыянатчылык кылуу»,- деп баса белгиледи Жээнбеков.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
 Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Психология чын эле пайдалуубу?
Психология чын эле пайдалуубу?
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
 Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
 Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды