Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
25-Янв. 2020, Ишемби, 05:33

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бир дагы учур катталбаганын белгилеп, социалдык тармактарда, ар кандай мессенжерлерден тарап жаткан маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, жалган кабарларды жайылтпоону суранат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жугуштуу вирус боюнча абалга көз салуу үчүн министрликте атайын штаб түзүлдү. Министрлик Кытайда пайда болгон коркунучтуу вируска байланыштуу адамдарга төмөнкү чараларды сунуштайт.

- колду самындап же спирт кошулган каражат менен жууп жүрүш керек;

- ооз жана мурунду жаап жөтөлүп, чүчкүрүү керек

- грипп же жугуштуу оору менен ооруган кишиге өтө жакындабоо зарыл;

- эт жана жумуртканы дыкат тазалоо керек;

- жапайы жаныбарларды, канаттууларды кармабоо керек;

- дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп жана дем алуу кыйындаса дароо ооруканага кайрылуу керек.

Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 26 адамга жетти. Бул вирус Жапонияда, Филиппинде, АКШда, Түштүк Кореяда, Таиландда жана Сауд Арабияда да катталды.

Кытайдагы мындай кырдаалга байланыштуу Кыргызстан аталган өлкөдөн эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөө киргизди. Кытай менен болгон өткөрмө пункттарда, аэропортто санитардык, медициналык көзөмөлдө күчөтүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
 Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Психология чын эле пайдалуубу?
Психология чын эле пайдалуубу?
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
 Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
 Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды