Жаш келин бир жаштагы баласына бычак сайды

2-Июнь 2017, Жума

Ысык-Ата районунун Красная-Речка айылында 23 жаштагы келин 1 жаштагы наристенин мойнуна бычак сайган деп шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-майда милицияга адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге иликтөөчү топ барганда, келин окуя болгон күнү күндүзгү саат 12:30дар чамасында өз үйүндө өз баласынын моюн тушуна бычак сайып салгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча 23 жаштагы шектүү аял кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренси боюнча кылмыш иш козголуп, экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!