"Касапчы" операциясы жүрүп жатат

2-Июнь 2017, Жума

Бир сутканын ичинде мал уурдоо боюнча 5 факты аныкталып, бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында «Касапчы» операциясы жүрүп жатат. Аталган операциясынын алкагында мал уурулук менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга, мал уурулук менен алектенишкен кылмыш топторун аныктоо жана издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоого багытталган ыкчам-профилактикалык иш-чаралар жүрүп жатат. Малды сатуу, анын этин иштетүү жана реализациялоо менен ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөн бардык объектер текшерүүдөн өткөрүлүүдө.

«Аталган операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бир күндүн ичинде мал уурулуктун 5 фактысы катталып, бетин ачууга үлгүрүштү. Уурдатып жиберишкен мал ээлерине 2 баш торпоктору жана 7 баш койлору кайтарылып берилди», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Түп РИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан мал уурулук менен алектенишкен 3 адамдан турган кылмыш тобун колго түшүрүштү. Кылмыш тобунун башында мурда тоноочулук үчүн соттолгон Түп айылынын 23 жаштагы тургуну А. Рыскелди, өзүнүн эки шакирти менен 14-майга караган түнү, өзүнүн эле айылдашынан 4 баш кочкорун, 1 баш музоосун жана 4 кап арпасын уурдап кетишкендиги аныкталды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, кармалган кылмыш тобунун башка мал уурлук фактыларына катыштыгын текшерүү максатында тергөө – ыкчам иштери жүргүзүлүп жатат.

Ысык-Көл ОИИБнын жана Ак-Суу РИИБнүн кызматкерлеринин биргелишкен ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бир катар мал уурулук кылгандыгына шектелип, мурда дагы ушундай кылмыш үчүн соттолуп келген Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 25-жаштагы тургуну К. Талант кармалды. Өзүнүн берген көрсөтмөсүндө, март айында Ак-Суу районуна караштуу Орлиное айылынын тургундарынан 2 баш торпокторун уурдап кеткен.

Аталган фактылар боюнча КЖКнын «мал уурдоо» уурдо беренси менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!