Жээнбеков: Парламентаризм өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болорун жакшы түшүнөбүз

Жээнбеков: Парламентаризм өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болорун жакшы түшүнөбүз
29-Янв. 2020, Шаршемби, 10:54

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-январда Риксдагдын биринчи вице-спикери Аса Линдестам баштаган Швеция Королдугунун парламенттик делегациясы менен жолугушту.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнүн артыкчылыктары жөнүндө пикир алмашуу болду.

Жээнбеков Швеция менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле парламенттик демократияны бекемдөө боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Прогрессивдүү парламенттик системаны куруу үчүн баарынан мурда өнүккөн экономикага ээ болуу керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөдө жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн активдүү иштер жүргүзүлүп, бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

«Биз күчтүү жарандык коом жана парламентаризм өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болорун жакшы түшүнөбүз», — деди Жээнбеков.

Кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары Президент соода-экономикалык жана экологиялык тармактарды атады. Кыргызстан чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Швециядан да инвесторлорду тартууга кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ВСП+ макамынын артыкчылыктарын активдүү колдонууга чакырды.

Президент Кыргызстан Швеция менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча мамилелерди бекемдөөгө даяр экенин өзгөчө белгиледи.

Ал эми вице-спикер Аса Линдестам парламенттик делегациянын Кыргызстанга келишинин негизги максаты — кыргыз-швед мамилелерин, өзгөчө парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө экенин белгиледи.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
“Коопсуз микрорайон” долбооруна 1.5 млн сом бөлүндү
“Коопсуз микрорайон” долбооруна 1.5 млн сом бөлүндү
УКМК: коррупциялык схема түзгөн кызматкерлер кармалды
УКМК: коррупциялык схема түзгөн кызматкерлер кармалды
​УЕФА Чемпиондор лигасынын мыкты оюнчусуна жаңы сыйлык уюштурду
​УЕФА Чемпиондор лигасынын мыкты оюнчусуна жаңы сыйлык уюштурду
Коронавирустан улам дүйнөдө алтын кымбаттап жатат
Коронавирустан улам дүйнөдө алтын кымбаттап жатат
Тери үчүн эң пайдалуу кеңештер
Тери үчүн эң пайдалуу кеңештер
Чачты өстүрүүчү маскалар
Чачты өстүрүүчү маскалар
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
 Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Космосбек Чолпонбаев:
Космосбек Чолпонбаев: "Коронавирустан чочулоонун кажети жок"
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда