Абылгазиев коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча жыйын өткөрдү

Абылгазиев коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча жыйын өткөрдү
29-Янв. 2020, Шаршемби, 11:29

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын аймагына коронавирустун киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска байланыштуу кырдаал боюнча маалымат берди. Ал маалымдагандай, Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирус такталган учурлар катталган эмес, буга байланыштуу дүрбөлөң түшүүгө эч кандай себеп жок. Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Өлкөдө жеке коргонуучу каражаттардын зарыл болгон камы жана вируска каршы дары каражаттары бар.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчилик өкүлдөрү көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдашты.

Кеңешмеде белгиленгендей, республиканын бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында, Бишкек жана Ош шаарынын аэропортторунда вирустун бар-жогун текшерүү үчүн тепловизорлор орнотулган. Санитардык-карантиндик пункттун адистери тепловизорлор менен Кыргызстанга Кытайдан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген жактардын баарын текшеришет. Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында вирусту жуктуруу аныкталган шартка атайын палаталар даярдалган.

Өкмөт башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчөтүүнү жана бардык алдын алуу чараларынын топтомун так аткарууну камсыздоону тапшырды. Ал ошондой эле такталбаган маалыматтардын жайылышына жол бербөө үчүн жарандарды учурдагы жагдай тууралуу үзгүлтүксүз маалымдап туруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Абылгазиев Өкмөт короновирустун киришин жана тарашын алдын алуу боюнча санитардык, эпидемияга каршы иш чараларды уюштуруу тууралуу иш аракеттердин конкреттүү планын иштеп чыкканын белгиледи.

Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Анын ичинде эпидемиологиялык кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү жана Кытайдан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген жактарды көзөмөлдөө тапшырылды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​УЕФА Чемпиондор лигасынын мыкты оюнчусуна жаңы сыйлык уюштурду
​УЕФА Чемпиондор лигасынын мыкты оюнчусуна жаңы сыйлык уюштурду
Коронавирустан улам дүйнөдө алтын кымбаттап жатат
Коронавирустан улам дүйнөдө алтын кымбаттап жатат
Тери үчүн эң пайдалуу кеңештер
Тери үчүн эң пайдалуу кеңештер
Чачты өстүрүүчү маскалар
Чачты өстүрүүчү маскалар
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
 Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Космосбек Чолпонбаев:
Космосбек Чолпонбаев: "Коронавирустан чочулоонун кажети жок"
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда
Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча иш чаралардын планы бекитилди
Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча иш чаралардын планы бекитилди
Бишкекте велосипеддерди уурдоого шектелип 34 жаштагы жигит кармалды
Бишкекте велосипеддерди уурдоого шектелип 34 жаштагы жигит кармалды