4 жаштагы кыз дарыяга агып кетти

5-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясына 4 жаштагы кыз агып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматты боюнча, 3-июнь күнү аталган райондун Талды-Булак айылынын Орозбаев көчөсүндө жашаган А.А аттуу өспүрүм кыз Кара-Үңкүр суусуна түшүп кеткен. Аны издөө иштерине кечээ, 4-июнда ӨКМдин №78 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 12 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, бирок табылган жок.

Бүгүн издөө иштери улантылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!