Аксыда өзгөчө кырдаал киргизилди

6-Июнь 2017, Шейшемби

Аксы районунда 4-июнь күнү саат 18:50дөн баштап нөшөрлөгөн жамгырдан улам облустун аймагындагы Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларынын деңгээлдери көтөрүлүп, Аксы районундагы Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында кооптуу абал жаралгандыгына байланыштуу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 5-июндагы №159-б буйругунун негизинде Аксы районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Авлетим айыл аймагында 5-июнь күнү саат 03:00 чамаларында катуу жааган жамгырдан Итагар айылындагы Итагар дарыясынын деңгээли көтөрүлүп 1 көпүрө жараксыз абалга келип, 3 ички чарбалык көпүрөгө жана дарыяга жакын жайгашкан 5 турак үйгө коркунуч жаралган.

Тескей участкасындагы 2015-жылы ашар жолу менен курулган бир ички чарбалык көпүрөнүн сол жагындагы түркүгү чөгүп, жээктин 12 метр аралыгын суу жеп кеткен. Учурда жол жабык, ал эми жергиликтүү тургундар үчүн жөө каттам жол бар.

Андан сырткары, кечээ 5-июнь күнү саат 03:00 чамаларында катуу жааган жамгырдан Итагар айылындагы Кербен-Кашка-Суу унаа жолунун 11-чакырымында жана Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунун 17-22-чакырымында сел жүрүп, унаа жолдорго сел калдыктары толуп, унаалардын каттамына кыйынчылык жаралган.

Ошондой эле Кашка-Суу айыл аймагында 4-июнь күнү жааган жамгырдан Падыша-Ата дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жалпы айыл аймак боюнча 10 турак үйдүн короосуна сел суулары кирип, 65 турак үйгө, 1 мектепке, 1 ФАПка коркунуч жаралган. 2365 метр ички чарбалык жолдорго, 250 метр арыктарга сел калдыктары толгон. 1 ички чарбалык көпүрө, 1 электр мамысы жана 50 метр габион торчосу жараксыз абалга келген.

Аталган аймактарда катталган өзгөчө кырдаалдарды жоюу максатында Жарандык коргонуу кызматтарынан штаб түзүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!