Мэрияга 13 жер тилкеси кайтарылды

6-Июнь 2017, Шейшемби

Бишкек шаардык мэриянын балансына 13 жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган маалыматка таянсак, мэриянын Ленин райондук администрациясынын токтомуна ылайык, 2005-жылдын 12-сентябрында жана 3-мартындагы №266, №57 буйруктары менен “Ак-Өргө” жаңы конушунда жеке жактарга үй курууга мыйзамсыз жер тилкелери бөлүнүп берилген.

Бишкек шаардык мэриясынын Ленин райондук администрациясынын башчысынын протоколуна ылайык, аталган жер тилкелери мыйзамсыз берилгенине байланыштуу, аларды жарым-жартылай мэриянын балансына кайтаруу чечими чыккан.

Натыйжада, мэриянын жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Ленин райондук прокуратура менен биргеликте, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечиминин негизинде, “Ак-Өргө” жаңы конушунда 13 жер тилкеси кайтарылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!