Аксыда селден үй-бүлөлөр куткарылды

7-Июнь 2017, Шаршемби

Аксыда сел сууларынын курчоосунда калган 5 үй-бүлө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан куткарылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Авлетим айыл аймагында кечээ, 6-июнь күнү жааган жамгырдын кесепетинен Тегирмен-Сай айылындагы Бузурман-Сай сел сайынан келген сел суулары өз нугу менен акпастан, Авлетим-Товар-Сай ички чарбалык унаа жолу менен агып, жол боюнда жайгашкан турак жайларды жана ички чарбалык унаа жолду каптаган.

Сел сууларынын курчоосунда калган 5 турак жайдын жашоочуларын ӨКМнин буйругу менен ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу Абдышарип Бекилов баштаган ыкчам топ коопсуз жайга алып чыгышкан. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

“Айылдагы кырдаалды жөнгө салуу жана калыбына келтирүү максатында Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМнин Мониторинг Департаментинин башкы адиси, облустук ыкчам топ жана ӨКМнен 1 ХОВО, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Тийиштүү техникалардын жардамында сел сууларды тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Жумуш бүгүн, 7-июнда дагы улантылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!