Катардагы кыргызстандыктар кабатыр болуп жатышат

7-Июнь 2017, Шаршемби

Тышкы иштер министри Эрлан Абылдаев Катардын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Аль-Наима менен жолукту.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда элчи Катар мамлекетиндеги учурдагы кырдаал жана ал боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Министр Абдылдаев Кыргызстан Араб өлкөлөрү менен достук мамилелерди жогору баалай турганын, бардык араб өлкөлөрү менен жакшы мамиледе болууга кызыкдар экенин белгиледи.

Ошондой эле Перс булуңундагы кырдаал аймактагы элдин кызыкчылыгы үчүн жакшы нукта чечилерине ишеним артарын кошумчалады.

Ал ортодо Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев Фейсбуктагы баракчасына Катардын Тышкы иштер министрлигинде өлкѳдѳгү абалга байланыштуу атайын жолугушууда болгонун жазып чыкты.

Анын айтымында, Катарда жашап жаткан кыргызстандыктар элчиликке кайрылып, кабатырлануусун билдирген.

"«Флай Дубай» авиакаттамынын токтотулушу да терс таасирин тийгизүүдѳ. Алардын коопсуздугу жана бейкуттугуна коркунуч жокпу, деген суроо узаттым. Тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы жарандарыңыз эч кооптонбосун, коркпосун, эч кандай коркунуч жок. Мамлекет кадимкидей эле жашай берет, эч нерсе ѳзгѳрбѳйт. Буюруса, бул проблема жакынкы арада чечилип калаар, деп жооп кайтарды”,-деп билдирген.

Эскерте кетсек, Сауд арабия, Бириккен араб эмираты, Бахрейн жана Египет Катар менен дипломатиялык мамилесин үзгөн. Аталган өлкөлөр расмий Доханы террористтик топтор менен байланышкан деп айыптоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!