Чүйдө жоголгон 3 бала Өзгөндөн табылды

7-Июнь 2017, Шаршемби

Чүйдө жоголгон 3 өспүрүм бала Өзгөн районунан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 3 бала Өзгөн районундагы туугандарынын үйүнө келишкен. Бирок, алар бул жакка кандайча келгендиги азырынча белгисиз. Бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!