"Facebook"тун колдонуучуларына кылмыш иши козголду

7-Июнь 2017, Шаршемби

Улуттар аралык касташууга чакырган "Facebook" социалдык тармагынын колдонуучуларына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКнын ыкчам иликтөө иштеринин негизинде "Facebook" тармагынын айрым колдонуучулары, мыйзамга жана коомго каршы келүүчү, улуттар аралык кастыкка чакырык жасагандыгы аныкталган.

Аталган колдонуучулар Ноокен районундагы Масы айылында жаш балдардын катышуусунда болгон окуяга пикир жазышып, улуттар аралык кастыкка үндөшкөн.

«УИАннын эксперттери жүргүзгөн филология-политологиялык экспертизанын негизинде, соцтармактын айрым колдонуучуларынын пикирлеринде улуттар аралык кастыкка чакыруу, абройго шек келтирүү, жаман сөздөр менен сөгүү бар экени аныкталган. Эксперттердин баамында, мындай комментарийлер өз кезегинде жарандардын мыйзамсыз, коомго каршы келе турган иштерди жасоого чакырышы толук мүмкүн»,- деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы улуттар аралык кагылышууга алып келүү коркунучу бар деп табылган пикирлердин ээлерине карата Кылмыш кодексинин 299-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!