Абылгазиев: Экономиканын үч багытын өнүктүрө турган реалдуу сунуштар жок

Абылгазиев: Экономиканын үч багытын өнүктүрө турган реалдуу сунуштар жок
14-Фев. 2020, Жума, 04:29

Энергетика, өнөр жай жана жер казынасы тармактарында реформа жасалмайынча экономиканын өсүшү мүмкүн эмес. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча өткөргөн коллегиясында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы коллегияда мекеменин ишинин жыйынтыктарын жана дээрлик активдүү аракетти талап кылган негизги көйгөйлүү маселелерди белгилөө керектигин белгилген.

«Албетте, натыйжа бар жана ал жаман эмес. Бирок өлкөнүн экономикасына алда канча чоң пайда алып келүү мүмкүнчүлүгү бар тармактар тууралуу сөз болууда. Мисалы: тоо кен тармагы. Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 20,7% түздү, анын ичинен «Кумтөрдүн» үлүшү 18% бир аз көп болду. 2019-жылы өлкөдө 3 миңге жакын жумуш орунун түзүүнү шарттаган 173 ишкана ишке кирди. Буларды ичинен үчөөнү гана жүзөгө ашырууда мекеменин таасири тийди, калгандары - өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча аракеттердин жыйынтыгы. Бул мекеме өз милдеттерин толугу менен аткара албай жатканын айтып турат. Инвестор менен жергиликтүү элдин ортосунда чыккан маселе – бул дагы жетишсиз денгээлде жасалган аракеттин жыйынтыгы», - деп белгиледи Абылгазиев.

Премьер-министр тоо кен жана энергетика тармактары жергиликтүү экономиканын өсүшүндө маанилүү роль ойнорун баса белгиледи.

«Жылда коммерциялык жана техникалык жоготуулар жогору экенин айтабыз, бирок кырдаалды өзгөртүү үчүн реалдуу кадам жасалбай жатат. Быйыл суу аз болору айтылууда, кырдаалдан кандайдыр бир жол менен чыгышыбыз керек да. Канча жылдан бери чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү тууралуу айтып келе жатабыз, бирок бул багыттын өсүшү үчүн конкреттүү иштердин планы жок. Ата мекендик экономиканын үч багыты – энергетика, өнөр жай жер казынасы, анын кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Бирок бул тармактарды өнүктүрүүнүн жаңы баскычына чыгарууга мүмкүнчүлүк түзө турган реалдуу сунуштар, кадамдар жетишсиз болууда. Иш ачык эмес, чечкиндүү жана ырааттуу аракеттер жасалбайт. Тыянак чыгаруу зарыл», - деп премьер-министр сөзүн жыйынтыктады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
УКМК:
УКМК: "Террористтик акт болот" деп коркуткан Чүйдүн 18 жаштагы тургуну кармалды
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт