Айдарбеков Бельгиядагы «John Cocerill» корпорациясына барды

Айдарбеков Бельгиядагы «John Cocerill» корпорациясына барды
14-Фев. 2020, Жума, 05:16

Кыргыз экономикасынын приоритеттүү тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды жана инновациялык технологияларды тартууга көмөктөшүүнүн алкагында Бельгиянын Льеж шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун «John Cocerill» бельгиялык ири корпорациянын жетекчилиги менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө «John Cocerill» корпорациясынын өкүлдөрү өз ишмердүүлүгү тууралуу презентация өткөрүштү. Улуттук долбоорлордун алкагында таза суу менен камсыз кылуу, гидроэлектростанция куруу тармактарында кызматташуунун келечектүү багыттары жана транспорттук долбоорлордо катышуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Министр 2020-жылы жайында Бишкекте өтүүсү пландалган «Борбордук Азия – Европа Биримдиги: жашыл экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк аракетте» аталышындагы Биринчи экономикалык форум тууралуу кабарлады жана «John Cocerill» корпорациясын бул иш чарага активдүү катышууга чакырды.

Айта кетсек, Бельгиялык John Cockerill Group корпорациясы 1817-жылы негизделген. Компания дүйнөнүн 23 өлкөсүндө иштейт. Акча жүгүртүүсү 1.8 млрд евро. Учурдагы ири масштабдуу технологиялык чечимдерди иштеп чыгууга адистешкен жана энергетика, коргонуу, өнөр жай, курчап турган чөйрө, транспорт жана инфратүзүм чөйрөсүндө иштейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
УКМК:
УКМК: "Террористтик акт болот" деп коркуткан Чүйдүн 18 жаштагы тургуну кармалды
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт