“Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аталыштагы сынак жарыяланды

“Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аталыштагы сынак жарыяланды
14-Фев. 2020, Жума, 05:30

3-май Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Сорос-Кыргызстан” фондусу «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аталыштагы Экинчи республикалык карикатуралар сынагын жарыялады.

Сынактын негизги максаты – Кыргызстандагы сөз эркиндиги жаатындагы маселелерге коомчулуктун назарын буруу.

Сынактын милдеттери:

  • Карикатуралар аркылуу КРдеги сөз эркиндиги жаатындагы маселелерди көрсөтүү;
  • КРде карикатура өнөрүн өркүндөтүүгө салым кошуу.

Сынактын катышуучулары:

Сынакка кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар кесипкөй эмес сүрөтчүлөр, чыгармачыл кесипке үйрөнүп жаткан студенттер жана көркөм мектептер менен студиялардын окуучулары, дегеле карикатура жанры менен алектенген бардык адамдар катыша алат. Сынакка эмгектер Кыргыз Республикасынын жарандарынан гана кабыл алынат.

Эмгектер боюнча талаптар:

  • Карикатуралар кагазда же картондо графикалык же живопистик техникалардын бардыгында даярдалышы мүмкүн, форматы А4;
  • Карикатуралар санариптик форматта да даярдалышы мүмкүн (jpg, png же pdf, туурасы жана бийиктиги 1280х720p кем болбошу керек);
  • Эмгектерди Сынакка жиберип жатып авторлор же алардын мыйзамдуу өкүлдөру төмөнкү нерселерге макул болушат: Сынактын катышуучуларынын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга; Сынактын уюштуруучулары жана КР ЖМКлары автордук эмгектердин көчүрмөлөрүн (авторун жана Сынактын аталышын келтирүү менен) өз материалдарында кошумча алдын ала макулдашуусуз жана акысыз колдоно алышына.


Сыйлык тапшыруу:

Сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана төмөнкү өлчөмдөгү акчалай сыйлыктар (бардык салык төлөмдөрү менен кошо эсептегенде) тапшырылат.

1-орун – 30 000 сом;

2-орун – 25 000 сом;

3-орун – 20 000 сом;

2 кызыктыруучу сыйлык – ар бири 10 000 сом.

Сүрөттөр ушул жылдын 10-февралынан 17-апрелине чейин 720021, Бишкек ш., Ибраимов, көч. 115, 2-кабат, №10 бөлмө дареги боюнча же journalist.kg@gmail.com электрондук почтасы аркылуу «Карикатуралар сынагы» деген жазуусу менен эмгектер кабыл алынат. Ар бир эмгек төмөнкү маалыматтар менен коштолушу зарыл:

  • автордун аты-жөнү, кесиптик статусу;
  • байланыш маалыматтары;
  • эмгектин аталышы;
  • тартылган жылы;
  • материалы жана техникасы тууралуу маалымат;
  • эмгектин айтайын деген негизги ою.

Ар бир автордон 5тен ашык эмес эмгек кабыл алынат.

Кошумча суроолор болсо төмөнкү телефондорго чалып:

+ 996 (312) 29-94-52, + 996 (550) 28-18-99, + 996 (777) 45-10-83, +996 (555) 935-223

же journalist.kg@gmail.com жана elvira.zhekeeva@gmail.com почталары аркылуу жооп алаласыздар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
УКМК:
УКМК: "Террористтик акт болот" деп коркуткан Чүйдүн 18 жаштагы тургуну кармалды
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт