Люксембургда Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Люксембургда Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды
14-Фев. 2020, Жума, 11:33

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Люксембург Жогорку Герцогствосуна сапарынын алкагында Кыргызстандын Люксембургдагы Ардактуу консулдугунун ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Тышкы иштер миннистрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Люксембургдагы Ардактуу консулу болуп Франк Вагнер мырза дайындалды. Ал ардактуу консул катары өз жумушунун, атап айтканда, Люксембургда жашаганкыргыз жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, Кыргызстандын туристтик дараметин илгерилетүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Айдарбеков Ардактуу консул Вагнерди дайындалышы менен куттуктады жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен аракеттер аркылуу Кыргызстан менен Люксембургдун ортосундагы кызматташтыкты бардык приоритеттүү жана өз ара пайдалуу багыттар боюнча тараптар мындан дагы жогорку деңгээлге алып чыгат деген ишенимин билдирди.

Люксембургдун билим берүү, маданият, финансы, экологиялык курулуш чөйрөлөрүндөгү алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен бул багыттар Кыргызстан менен кызматташуу үчүн контакттарды илгерилетүүдө Ардактуу консулдун ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттар катары белгиленди.

Ушул эле күнү министр Люксембург Жогорку Герцогствосунун борбор шаарында жакында ачылган Чыңгыз Айтматов атындагы көчөгө барды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
УКМК:
УКМК: "Террористтик акт болот" деп коркуткан Чүйдүн 18 жаштагы тургуну кармалды
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт