Бишкек мэриясы абага бөлүнүп чыгып жаткан зыяндуу заттарды азайтууну көздөп мектептерди газ менен жылытуу системасына өткөрүүнү пландоодо. Бул боюнча мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Бул жылы пилоттук долбоор катары калаадагы №19, №40, №41 жана №49 мектептер жылытуунун жаңы түрүнө кошулат. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы №41 жана №49 мектептерди газ менен иштеген отканаларды долбоорлоо үчүн тендер жарыялоо алдында турат

"Социалдык объектилерди газ менен жылытуу системасына өткөрүү экологияны жакшыртуу боюнча комплекстүү пландардын бир гана бөлүгү. Мындан тышкары, жеке секторду, коомдук транспортту газга өткөрүү жана күндүн энергиясы менен иштөөчү батареяларды пайдаланууга өтүү каралып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Муну менен катар шаар бийлиги веложолдорду куруп, шаардагы негизги таштанды чогултуучу жайга көзөмөлдү күчөткөнү турат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин маалыматына ылайык, Бишкекте жыл сайын атмосферага 240 миң тонна зыяндуу зат бөлүнүп чыгат.