Аялды ур-токмокко алгандар кармалды

Аялды ур-токмокко алгандар кармалды
8-Июнь 2017, Бейшемби

Майлуу-Суу шаарында 41 жаштагы аялды 3 адам ур-токмокко алуу менен зордуктап, чачын кырып салышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 18-майда болгон. Анда жабырлануучу Майлуу-Суу шаарынан Жалал-Абад шаарына баруу үчүн жол тосуп чыккан. Ичинде 3 адам бар жеңил унаа ага токтоп, Кочкор-Ата шаарына чейин алып кетүүнү убадалашкан. Бирок, жолдо бара жатканда унаанын ичиндеги 3 эркек киши жүргүнчү аялды белгисиз себептен сабап, Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып келип, күч колдонуу менен аны үчөөлөп зордукташкан. Андан соң аялдын чачын кырып салышкан. Алар жабырлануучу аялды 18-майдан 25-майга чейин камап коюшкан. Жабырлануучу 25-май күнү качып чыгып, арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган.

Денесинен жаракат алган аял Майлуу-Суу шаардык бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факты боюнча Майлуу-Суу ШИИБнин кызматкерлеи тарабынан кылмышка шектүү катары 43 жаштагы Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 22 жаштагы Көк-Таш айылынын тургуну жана 36 жаштагы Бүргөндү айылынын тургуну кармалган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, алардын үстүнөн Кылмыш жаза кодексинин 125-129-беренелеринин 2-бөлүмү менен козголгон. Азыркы мезгилде иктөө иштери жүрүп жатат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Мэрия
Мэрия "Тез жардам" кызматына 6 унаа тапшырды
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Абылгазиев деңиз куралдарын өндүргөн ишканага барды
Абылгазиев деңиз куралдарын өндүргөн ишканага барды
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду
Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу жеңишке жетишти(видео)
Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу жеңишке жетишти(видео)
Кыргызстандагы ырчы айымдардын бизнеси. Кимисинин байлыгы көп?
Кыргызстандагы ырчы айымдардын бизнеси. Кимисинин байлыгы көп?
Аркан менен баскан адам жүрөктүн үшүн алды (видео)
Аркан менен баскан адам жүрөктүн үшүн алды (видео)
19- 23-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы
19- 23-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы
Эки шаар унааларга дизель майын куйбайт
Эки шаар унааларга дизель майын куйбайт
Эки учак кагышты
Эки учак кагышты