Бир сутка ичинде Чүй облусунда эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу бугүн, 27-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районуна караштуу Энергетик шаарчасында жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудуктан белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, кудуктан эркек кишинин сөөгүн чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Андан тышкары Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 82 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.