Президент Сооронбай Жээнбековдун Россияга болгон эки күндүк иш сапары бүгүн, 27-февралда Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.

Президенттик аппараттан маалымдашкандай, мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт эскерди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү катышты.


Белгилей кетсек, мамлекет башчысы иш сапарынын биринчи күнүндө Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, анда кыргыз-орус мамилелеринин азыркы абалы жана келечеги талкууланат.

Ушул эле күнү эки Мамлекеттин башчылары Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле Жээнбековдун Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулары пландалган.