Бишкек баатырдын айкели даяр экендигин мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Бишкек баатыр” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү билдиргендей, эстеликтин узундугу 3 метрди түзүп, ал колодон жасалган. Пайдубалы дагы 1,5 метрди түзөт. Айкелдин скульптору Адил Сейталиев.

Эстелик Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын чыгыш жагында Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинен анча алыс эмес жерде орнотулат.

Эстелик марттын аягында орнотулары маалыматта айтылат.