Түндүк аймак боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барганда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: "Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине киришинин алкагында ата мекендик лабораторияларды өркүндөтүү менен биз продукциялардын сапатын гана жогорулатпастан, аларды тоскоолдуксуз экспорттоону да камсыздай алдык",- деп билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

«Лабораторияларды жакшыртуу – биздин эң чоң жетишкендиктерибиздин бири. Лабораториялар заманбап болуп, мында алдынкы жабдуулар орнотулган, тийиштүү окутуудан өткөн адистер иштешет. Бул биздин Евразия экономикалык бирлигине кирип жатканда алдыга койгон максаттарыбызга жетишкенибизди айтып турат», - деди Абылгазиев.

Премьер-министрге 2019-жылдын декабрында ташылып келген жабдуулар комплексин көрсөтүштү. Алсак, Түндүк аймак боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда алты бөлүм бар, алар вирусологиялык, серологиялык, химиялык-токсикологиялык жана башка анализдерди жүргүзүшөт.

«Эки жыл мурда бул лаборатория кандай абалда болгондугу эсибизде. Аны лаборатория деп айтуу кыйын болчу. Азыр таптакыр башка көрүнүш. Кандай өзгөрүүлөр болгонун көрүп туруп, жаш адистер бул жакта иштегенге умтулушат. Ветеринардык тармактын диагностика ыкмаларын жакшыртуу менен биз өлкөбүздө өндүрүлгөн ветеринардык продукциялардын сапатын өстүрө алдык. Керектүү анализди жасатуу үчүн биздин дыйкандар кайда гана чуркашкан жок. Бүгүнкү күнү биздин лабораториялар бардык эл аралык ченемдерге жооп берет», - деп белгиледи Премьер-министр.

Муну менен бирге адистер белгилешкендей, жаңы жабдуулар ири сарптоолорду талап кылат. Анткени изилдөөлөр үчүн керек болгон реагенттерди Германиядан тапшырык менен алышат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, эгерде жылына 5 млн жакын сынам изилденсе, 50 млн сом өлчөмүндөгү кошумча каржылоо зарыл.

Өкмөт башчы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын жетекчилигине тиешелүү сунушту өкмөткө кароосуна киргизүүнү тапшырды.