Бишкек-Торугарт жолунан алты адам жабыркады

13-Июнь 2017, Шейшемби

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда унаа кырсыгынан алты адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 12-июнда аталган жолдун 113-чакырымында болгон. Анда «Volkswagen Golf» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, машина жолдун четине чыгып кеткен.

ӨКМ кызматкерлери келгенче, жабыркагандар тез жардам кызматынын жардамы менен ооруканага жаткырылган

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!