Баткенде каттуу шамал чатырларды учуруп кетти

16-Июнь 2017, Жума

Баткен облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына 17-19 метрге жеткен шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-июнь күнү саат 01:05 чамасында Айдаркен шаарында ылдамдыгы секундасына 17-19 метрге жеткен шамал катталган. Ушул эле күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, Кичи Айдаркен айылынан 7 турак үйдүн сарайынан 53 даана шиферин шамал учуруп кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!