Өспүрүм аталаш тууганын кокустан атып алды

16-Июнь 2017, Жума

Базар-Коргон районунда өспүрүм кокустан аталаш бир тууганын атып алган. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 13-июнда кечке маал Жаңы-Акман айылында болгон.

Анда короодо ойноп жаткан балдар сарайга кирип, ал жактан мылтык таап алышкан. 13 жашар мектеп окуучусу 11 жаштагы инисин кокустан атып алган. Ок анын жамбашына тийип, ал тез жардам келгенче кансырап калганына байланыштуу көз жумган.

«Учурда “Курал сактоодо шалаакылык мамиле кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!