Заара кылган милиция кепке калды

16-Июнь 2017, Жума

Бишкек шаарындагы Гоголь көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрөнүн ортосундагы бөлүкчөдө турган таштанды челектердин алдында заара кылып жаткан милиция кызматкеринин сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды.

Сүрөттө MVD 142 B мамлекеттик номерлүү «НИВА» үлгүсүндөгү кызматтык унааны да көрүүгө болот. Укук коргоо органынын бул жоругу Киев жана Гоголь көчөлөрү тарапта болгону маалымдалды.

Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы милиция кызматкеринин бул жоругу боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын жана кызматкерге карата катуу чара көрүлөрүн билдиришти.

Социалдык тармактын колдонуучулары милиция кызматкерин кескин сынга алышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!