18 жаштагы үч кыз жабыркады

16-Июнь 2017, Жума

Бишкек-Торугарт жолунда катталган авто кырсыктан 18 жаштагы 3 кыз жабыркады. Бул тууралуу Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын Кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 15-июнда болжол менен саат 21:00 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 213-чакырымында катталган. Анда Кочкор районунун 54 жаштагы тургуну И.А. «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кочкордон Орто-Токой суу сактагычын көздөй бара жатканда, ал унааны башкара албай калып унаа оодарылып кеткен. Анын натыйжасында кырсыкка кабылган унаанын ичиндеги 18 жаштагы үч жүргүнчү кыз ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Фото: Спутник

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!