Оор кылмыштын бети ачылды

16-Июнь 2017, Жума

Жалал-Абад областында 3 жыл мурун катталган оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыр милицияга 2014-жылы Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн жашоочусу жарандык никедеги аялын катуу сабап, өлүгүн жерди казып көмүп салгандыгы боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул маалыматты тактоо максатында милиция кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок, белгиленген жерден аялдын сөөгү табылбагандыктан шектүү жакты кылмыш жоопкерчилигине жана кылмыш ишин козгоого баш тартылган.

Бирок, божомолдонгон маалымат боюнча, Достук айыл өкмөтүнүн 27 жаштагы Т. Н. аттуу жашоочусу 2011-жылдан бери Өзбекстандын Наманган областынын 27 жаштагы Минаввар аттуу тургуну менен жарандык никеде жашап жүргөн. Ал 2015-жылы белгисиз жагдайда жоголуп кеткенде биринчилерден болуп күйөөсүнүн туугандары тынчсызданышып, келинин өлтүрүп коюу мүмкүн экендиги боюнча милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Мындан улам үстүбүздөгү жылдын июнь айында кылмыш ишин иликтөө иш-чарасын кайрадан жанданган. Анын натыйжасында Ноокен районунда 5 метр тереңдикте көмүлгөн аялдын сөөгүнүн калдыктары табылып, ал сөөк Минаввархон экени аныкталган.

“Бул факт боюнча соттук-медициналык жана башка экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин Т.Н. кылмышка катыштыгы бар экендигин мойнуна алган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалды”, -деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми кылмышкер кызганчаактыгынын айынан жарандык аялын катуу соккуга алып, өлтүрүп жана кылмыш ишин жашыруу максатында өлүгүн үйүнөн алыс эмес жакка көмүп салган болушу мүмкүн.

Бул факт боюнча тергөө иши жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!