Дарыяга кулаган унаадан эки аял агып кетти

20-Июнь 2017, Шейшемби

Чаткал районундагы Терс дарыясына унаа кулап, ичиндеги эки адам агып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 19-июнда саат 01:30 чамасында болгон. Сууга кулаган «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен алдыңкы орундагы жүргүнчү суудан өз күчү менен чыгышкан. Ал эми унаанын артындагы эки жүргүнчү аял сууга агып кеткен.

Ошондой эле сууга агып кеткен эки аялдын аты-жөнү такталып, бир туугандар экени белгилүү болгон. Алар Аксы районунун 41 жаштагы М.А жана 37 жаштагы М.Э аттуу тургундары болгон.

«Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары менен РИИБдин кызматкерлери тартылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө Кара-Булак аймагынан Чаткал дарыясынын жээгине чыгып калган М.А. аттуу аялдын сөөгү табылган. Ал эми экинчи аялды издөө иштери бүгүн, 20-июнда уланууда»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!