Саякаттап жүргөн туристтер кырсыкка кабылды

21-Июнь 2017, Шаршемби

Саякаттап жүргөн канадалык туристтер кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Канада мамлекетинин 2 жараны Кыргызстанда мотоцикл менен саякаттап жүрүп, 20-июнь күнү саат 17:05 чамасында Ноокат районунда Кулатов айыл аймагына караштуу Кожо-Арык айылында тоолордун арасындагы жолдо жол кырсыгына кабылып, натыйжада 1 жаран бутунан жаракат алган.

“Ушул эле күнү чет элдик туристтерге жардам берүү максатында, ӨКМнин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысынын буйругунун негизинде райондук Жарандык коргонуунун медицина кызматынын дарыгерлери жана айыл аймактын 2 адиси УАЗ үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшүп, натыйжада саат 19:30 чамасында канадалык 2 жаран табылган. Бутунан жаракат алган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!