Баланын сөөгүн сууга түшүп жаткандар тапты

21-Июнь 2017, Шаршемби

Базар-Коргон районунун Акман айылындагы Кайырма көлмөсүнө өспүрүм бала чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге куткаруучулар жеткенче, сууга түшүп жаткан балдар тарабынан 9 жаштагы баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!