Жардыруудан жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт

21-Июнь 2017, Шаршемби

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында газ толтуруучу жайда чыккан өрттөн жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө башчысы кырсыкта набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, акча бөлүп берүүнү буйруду.

Эскерте кетсек, 19-июнда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында 19-июнда май куючу жайдын жанында газ баллон жарылган. Эки адам мерт кетип, 8 киши жабыр тарткан.

Жарылуу боюнча кылмыш иши козголду. Район бийлиги буга чейин газ толтуручу жайды жабуу боюнча эскертүү берип, 31-майда акт түзүлгөнүн кабарлады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!