Кыргыз маданият күндөрүнө карата концерт болду

22-Июнь 2017, Бейшемби

20-июнда Москвадагы Кремлдин концерттик залында "Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүнүн" ачылыш аземи болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Маданият, маалымат жана туримз министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Концерттик иш-чарада Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери, А.Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттер катышты.

Ошондой КРнын эл артисти Керим Турапов, КРнын эмгек сиңирген артисттери Анара Нургалиева, Эльнура Самарбекова, Бактыбек Ыбыкеев, «Ак Марал» бий ансамбли, «Камбаркан» ансамбли, «Акак» комузчулар ансамбли, кыргыз эстрада ырчылардан Юлия Руцкая, Аксай Мукамбет уулу, Кайрат Примбердиев, Токтобек Асаналиев жандуу чыгармаларды аткарышты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!