Атайын эсептеги акча бөлүштүрүлүп берилет

22-Июнь 2017, Бейшемби

Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы табигый кырсыктан жапа чеккендер үчүн атайын эсепке түшкөн каражат ушул апта ичи бөлүштүрүлүп берилет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, министрлик ачкан атайын эсепке эки райондун жабыр тарткан тургундары үчүн 49,7 миллион сом чогулган.

Чогулган каражаттар элге айылдык кеңештин депутаттары, аксакалдар, активисттерден түзүлгөн аймактык комиссия тарабынан бөлүштүрүп берет.

Эскерте кетсек, 29-апрелде Өзгөндүн Аюу-Сай айылында жер көчкү 24 кишини басып калган. Ага удаа Чоң-Алайда 3-5-май күндөрү улам кайталанган жер титирөөдө 600дөн ашуун үй жараксыз абалга келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!